Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эскертти. Билдирүүдө түрдүү өлкөлөрдө рак оорусу абдан тез ылдамдыкта жайылып жаканы айтылат жана өкмөттөрдү ракты алдын алуу боюнча чараларды көрүү эскертилет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо боюнча уюмдун маалыматы боюнча, 2012-жылы ракка 14 миллион адам жаңыдан чалдыккан. Уюмдун эсептөөсү боюнча, 20 жылдан кийин рак менен биринчи жолу ооругандардын саны 22 миллионго жетиши ыктымал.
Рактын өтө тез жайылышы Борбор Азияда, Азияда, Африкада, Түштүк Америкада байкалат. Ракка каршы дарылардын баасы жогорулашы өз жыйынтыгын адатта бай өлкөлөрдө берет. Саламаттыкты сактоо боюнча уюмдун маалыматына ылайык, рактын алдын алуунун эң натыйжалуу чарасы – ашыкча салмактан арылуу жана тамеки чекпөө. (AiK)