Орусиядан Кыргызстанга курал-жарак келе элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Коргоо министрлигиндеги ишенимдүү булак кабарлады. Анын айтымында, бул багытта эки тараптуу сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда.
Кечээ айрым орусиялык сайттар Москвада кыргыз-орус аскердик сүйлөшүүлөрү өткөнүн, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу "декабр айынан бери Кыргызстанга курал-жарак жөнөтүлө баштады" деп айтканын жазып чыккан болчу.
Орусиядан курал алуу боюнча Кыргызстан орус өкмөтү менен 2012-жылы сентябрда келишимге кол койгон. Орусия Кыргызстанды жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык бааланган курал-жарак менен камсыздай турганы да айтылып келатат. Бул сумма ири болгону менен Орусиядан жаңы жана заманбап курал-жаракт келеби же эски техникабы деп маселе койгондор да бар. (EBM/RK)