Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Билл Гейтс Microsoft компаниясынын президенттигинен кетти


Microsoft компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Билл Гейтс президенттиктен кетти. Ал мындан ары директорлор кеңешинде технологиялар боюнча кеңешчи болуп кала бермекчи. Компаниянын билдирүүсүндө, Гейтстин ордун директорлор кеңешинин мүчөсү Жон Томпсон ээлери айтылат. Microsoft компаниясынын башкы директору болуп Сатья Наделла дайындалды. Башкы директорлукка талапкерлерди издөө өткөн жылдын август айынан башталган эле, анда Стив Болмер кызматтан кетип жатканын жарыялаган. Бул билдирүүдөн кийин Microsoft компаниясынын акциялары биржадан тыш базарда 1,1 пайызга көтөрүлгөн. (AiK)

XS
SM
MD
LG