Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

Москва: эки адамды атып өлтүргөн окуучу эки айга камалды


Москванын Басман райондук соту мугалимди жана полиция кызматкерин атып өлтүргөн жогорку класстын окуучусун эки айга камады. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги кабарлады. Тергөөнүн маалыматы боюнча Москванын Отрадное районунда жайгашкан орто мектепке 10-класстын окуучусу эки мылтык менен келген. Мектептин кароолчусу аны токтотууга аракеттенген, бирок ал сөздү укпай, класска кирип барып, ата баштаган. География сабагынын мугалими ок жеп өлгөндөн кийин, окуучу дагы бир полиция кызматкерин атып өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылган. Мектептин окуучулары жабыр тарткан эмес (AiK).

XS
SM
MD
LG