Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Сочиде баштала турган кышкы олимпиада оюндары “ири окуя” болуп каларын билдирди. Бул тууралуу ал шейшемби күнү Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында айтты. Путин олимпиада региондун өнүгүүсүнө эми эле салым кошконун, айлана көркүнө чыгып, жашоого ыңгайлуу болуп калганын белгилеген.
Олимпиада оюндарынын ачылышына Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышарын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Алмазбек Атамбаев орус президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча да сүйлөшүү өткөрмөкчү. (AiT)