Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

ЖК жаңы өкмөт мүчөсүнө макулдугун берди


Жогорку Кеңеш айыл чарба жана мелиорация министрлигине Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлигин колдоду. Ал үчүн 97 депутаттын 83ү макул, 14ү каршы деген добуш берди.

Айдаралиевди парламенттик квота боюнча "Ар-Намыс" фракциясы жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев көрсөткөн. Мурдагы министр Чынгысбек Узакбаевди фракция өзү чакыртып алган.

Окумуштуу агроном Таалайбек Айдаралиев 56 жашта. Таластын Чоң-Капка айылында туулган. 1992-жылы айыл чарба илимдеринин кандидаты болгон. 2009-жылдан бери Сокулуктагы "Альфа-Семена" айыл чарба кооперативин жетектеп келатат. Ошону менен катар Борбор Азия Үрөнчүлөр ассоциациясын коомдук негизде башкарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG