Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

"Республика": Өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүш керек


Парламенттеги "Республика" фракциясы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан парламент жыйынында фракция жетекчиси Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, фракция мындай чечимди өкмөт Кумтөр маселесине байланыштуу Жогорку Кенештин үч токтомун аткарбагандыгы үчүн кабыл алды.

- Бардык фракциялардын депутаттары бир добуштан Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 67%га жеткирилсин деген талап коюшса да, өкмөт өзүм билемдикке салып Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыбаган келишимди эч өзгөртүүсүз кайра эле сунуштады, - деди Арипов.

Парламенттин бүгүнкү пленардык отурумунда кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” жетишкен келишим каралат. Келишимде Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүп, ага 50% ээлик кылуу караштырылган. Кыргыз өкмөтү келишимди эң оптималдуу деп атап, аны колдоп берүүнү депутаттардан сурап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG