Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

"Ата-Журт" БШК чечимин сындоодо


Борбордук шайлоо комиссиясынын депутат Нурлан Сулайманов боюнча чечими мыйзамга канчалык шайкеш келээрин текшерүү керек. Мындай демилге бүгүн парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Жылдызкан Жолдошева жана Курмантай Абдиев тарабынан көтөрүлдү.

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков Сулайманов тууралуу чечимди өзү да интернеттен окуганын, БШКнын жыйынына парламент өкүлү чакырылбаганын айтып, бул маселе тиешелүү комитеттин кароосуна тапшырылганын билдирди.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов мандатынан 31-январда ажыраган. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясында кабыл алынган. Ага Сулаймановдун бир сессия аралыгында 30 күн бою ишке чыкпаганы себеп болгону айтылган.

Мурдагы унаа жана байланыш министри Нурлан Сулайманов дарыланганы башка мамлекетке кеткени кабарланган. Ага карата коррупция боюнча кылмыш иш козголуп, кайра жабылган болчу. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG