Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:27

ИИМ: Төрт айда сууктан 13 киши мерт болду


Соңку төрт айда Кыргызстанда сууктан 13 киши мерт болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматында, 1-ноябрдан 3-февралга чейин сууктан Бишкекте 12, Баткенде 1 киши каза тапкан. Бишкектеги 12 кишинин үчөө селсаяктар болгон.

Бүгүн парламенттин жыйынында айрым депутаттар соңку күндөрү Кыргызстанда сууктан 150 киши мерт кетти деп кабарланып жатканын айтып чыккан болчу.

Соңку күндөрү өлкөдө күн сууктап, түнкүсүн Бишкекте абанын температурасы -25тен ашып, Баткен тарапта -20га жетүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG