Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Кумтөр боюнча макулдашуу комиссиясы бир пикирге келген жок


Парламентте Кумтөр боюнча түзүлгөн макулдашуу комиссиясы бир пикирге келген жок. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков билдирди:

- Бир пикирге келе алган жокпуз. Эртеңкиге чейин комиссия ишин дагы уланат. Чечим эртең кабыл алынат.

Төраганын айтымында, айрым принципиалдуу маселелер боюнча түрдүү пикирлер айтылды.

Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы бүгүн түзүлгөн. Анын курамына парламент жана өкмөт жетекчилиги менен кошо фракция лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү кирди. Комиссия бүгүн саат экиге чейин иштеп, бир жыйынтыкка келиши керек болчу.

Парламент Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылып жатат, өкмөт 50%дан жогорулатуу азыр мүмкүн эмес дегенин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG