Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Мигранттын билимден өксүгөн балдары


Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келген ички мигранттардын балдары оор турмуштун айынан билим алуудан аксап келишет.

Небере багуу түйшүгү

Жүзүн бырыш баскан 58 жаштагы Кенже Аятканованын келин-уулу иш издеп Орусияга кетип, кийин дайыны чыкпай калганда неберелерин багуу үчүн Баткенден Бишкекке келген. Андан бери 5 жыл өттү. Кенже Аятканова ушул аралыктан бери базар шыпырып, кагаз кутуларды чогултуп өткөрүп, неберелеринин курсагын араң тойгузуп келет. Кышкы суукта темир мешке шыпырынды жагып, карандай чай ичип отурса да тапкан-ташыганын балдарына жумшайт. Кенже апага өкмөттөн жардам болбосо да, неберелерин окутууга эл аралык уюм жардам берип жаткан экен. Болбосо базардан тапкан акчасы алардын кийимине эмес, тамагына өп-чап жетет.

Абалың кандай, ички мигрант?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00


Азыркынын Дүйшөнү менен Алтынайы

Биз Кенже апа айтып жаткан Балдарды коргоо борборуна да баш бактык. Аталган борбор ошол эле Келечек конушунун онунчу көчөсүнөн орун алган. Биз барганда 8-9-класстын окуучулары жаңы келген ички мигранттардын балдарына сабак өтүп жатышканына күбө болдук. Алардын арасында Кенже апанын тун небереси Ибрагим да бар. Ал чоң апасы айтмакчы, калың карда туфличен жүрсө да, мектептен үйрөнгөнүн билимден суусаган балдарга айтып берет.

Азыркынын Дүйшөнү менен Алтынайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00


Биз жогоруда "Дордой" базарына танапташ жайгашкан Келечек конушундагы бир эле үй-бүлөнүн жашоосун чагылдырдык. Болбосо Ак-Бата, Ак-Жар, Дордой-2 конуштарында билимден аксаган балдар ондоп саналат.
XS
SM
MD
LG