Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Украин оппозициясы талабын кайра кайталады


Бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон украин президенти Виктор Янукович менен жолугуп, өлкөдөгү саясый кризисти жөндөө маселесин сүйлөштү. Эштон 4-февралда кечинде оппозиция лидерлери менен сый тамак үстүндө сүйлөшкөн. Оппозиция лидери Виталий Кличко бүгүн парламентте сүйлөп, кризиске бийликти жеке инсандын монополиялап алуусу себеп болгонун айтты:

"Биздин максатыбыз - кризисти токтотуунун "жол картасында" айткандай, бийликти алмаштыруу. Эч ким бир адамдын маанайына ылайык жашаганды каалабайт. Бийликти монополиялап алуу - бизди туңгуюкка такаганына күбө болуудабыз.”

Өз кезегинде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сергий Арбузов мунасасыз тирешүүлөр Украинаны алсыратып жаткандыгын айтты "Күн сайын болуп жаткан эрегиштер жана мунаса табуудан качуу өлкөбүздү экономикалык жактан алсыратууда. Себеби саясый бейстабилдүүлүккө байланыштуу эл аралык рейтинг агенттиктери биздин өлкөнүн ишеним рейтингин төмөндөтүп салды".

Ноябрда Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тарткан. Ошондон бери Киевде антиөкмөттүк акциялар жүрүүдө. Нааразылыкка чыккандар Януковичтин бийликтен кетүүсүн, кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG