Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Армениялык полковник Азербайжан тыңчысы деп шектелүүдө


Армениянын коопсуздук кызматтары полициянын отставкадагы офицерин Азербайжандын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп камакка алды. 61 жаштагы полковник Хачик Мартиросян 31-январда кармалганын, ал Армениянын куралдуу күчтөрүнө байланыштуу купуя маалыматтарды Азербайжандын жашыруун кызматтарына берип турган деп шектелгени расмий кабарланды. Мартиросян кабарда айтылгандай, Азербайжандын жашыруун кызматтары менен Азербайжандын Тбилисидеги элчилиги аркылуу байланышкан деп шектелүүдө. Ал Бакуга жиберген материл колго түшкөндөн кийин камакка алынган. Полковник Мартиросяндын айыбы далилденсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Азербайжан менен Армения 1990-жылдардын башындагы Тоолуу Карабах чатагынан бери жаман алакада. Өзүн Бакудан төбөлсүз деп жарыялаган жикчил аймакты азыр Ереван контролдойт.

XS
SM
MD
LG