5-февралда Багдаддын мыкты күзөтүлгөн Жашыл зонасына танапташ бөлүгүндө автомобилдерге коюлган бомбалардан кеминде 33 адам өлдү. Жарадарлардын саны 60тан ашат. Жашыл зонада Ирак өкмөтү жана батыш элчиликтери жайгашкан. Бир бомба Ирактын тышкы иштер министрлигинин маңдайында жарылды. Машинечен жанкечти экинчи бомбаны ресторанга чукул келип жардырса, башка бир жардыруу Багдаддын ортосундагы Куллани майданында болду. Багдаддын түштүк четинде да автомобилге катылган бомбадан бери дегенде сегиз киши курман болду. Бомба чабуулдары үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. 4-февралда Жашыл зонага белгисиз бирөөлөр аткан эки ракета келип түшкөн.