Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун билдирүүсүнө караганда, 6-февралда депутаттардын кароосуна макулдашуу комиссиясы тарабынан даярдалган Кумтөр боюнча токтом долбоору коюлат:
- Макулдашуу тобу иштеп, сиздерге токтомду комитет аркылуу алып чыгат. Ал жерде сүйлөшүп жатабыз, ошол токтомду толугу менен эле добушка коюп, толугу менен эле кабыл алабыз.
Макулдашуу комиссиясынын курамына фракция лидерлери, тиешелүү комитет төрагалары жана өкмөт мүчөлөрү кирген. Өкмөт “Центерра Голд” менен Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүп, ага 50% ээлик кылууну караштырган келишимди кабыл алууну сунуштап жатат. 5-февралда Жогорку Кеңеште ал келишим кайчы пикирлерди жаратты. (AiT)