Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Кумтөр боюнча орток пикир табыла элек


Кумтөр боюнча орток пикир дагы эле табыла элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди:

- 67% боюнча, улутташтыруу, денонсация боюнча ар түрдүү көз-караштар, варианттар айтылып жатат.

Парламентте Кумтөр боюнча өкмөт менен депутаттардын бирдей пикирин иштеп чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясы кечээ түзүлгөн болчу. Ал депутаттардын кароосуна соңку чечим жазылган токтом долбоорун коюшу керек.

Макулдашуу комиссиясынын курамына фракция лидерлери, тиешелүү комитет төрагалары жана өкмөт мүчөлөрү кирген. Өкмөт “Центерра Голд” менен Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүп, ага 50% ээлик кылууну караштырган келишимди кабыл алууну сунуштап жатат. Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңеште ал келишим кайчы пикир жараткан. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG