Азыркы өкмөт башчыны кызматтан алууга бир гана Кумтөр маселеси себеп эмес. Мындай пикирин "Азаттыкка" "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, келерки аптада депутаттардын талкуусуна 2010-жылдын июн окуясынан кийинки Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча маселе коюлат.
Кечээтен бери парламентте Кумтөр маселеси боюнча талкуу уланууда. "Республика" фракциясы Жогорку Кеңештин талабын аткарбаганы үчүн азыркы өкмөт отставкага кетсин деп кол топтоодо.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мурда Ош, Жалал-Абад боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турган болчу.
"Республика" фракциясы кечээ Кумтөр боюнча өз сунушун берип, өкмөт азыр сунуштап жаткандай биргелешкен ишкана түзбөстөн, «Центеррадагы» Кыргызстандын азыркы 33% акциясын 50%га жеткирүү, эгер ишкана түзүлсө, акциялардын 67%ын Кыргызстанга алуу, ал эми эгер инвестор буга макул болбосо, бардык келишимдерден чыгып, Кумтөр алтын кенин улутташтыруу керектигин айткан.(EBM/RK)