Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын жетекчи орун басары Эркинбек Алымбековго вице-премьер-министрлик кызматты сунуштоодо. Бул тууралуу ал ушу тапта парламентте Кумтөр боюнча өтүп жаткан талкуу учурунда айтты.
Кечээ Эркинбек Алымбеков жаңы өкмөт куралса ал вице-премьер-министрлик кызматта туруп Кумтөр маселесин чечүүгө болгон күч-дареметин жумшаарын айткан болчу.
Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиевдин сунушуна жооп кылып Алымбеков "мен кызмат талашып жаткан жокмун, бирок 67%ды вице-премьер-министрлик статус менен бир жылда бүтүрө турган ишти бүтүрө албай койдуңар" деди. Ал ошондой эле өкмөткө кайрылып: "Эгер Кыргызстан Кумтөрдөгү үлүшүн 67% кылууга жетишсе, чет элдик адвокаттарды жалдап кетирген 2 миллион долларды чөнтөгүңөрдөн төлөп бересиңер" деди. (RK)