Нарындын Соң-Көлүндө былтыр 6 жолу рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз балык кармагандарга карата 3,5 миллион сомдук доо коюлган. Ошондой эле көл 1,5 миң даана балык кармоочу тордон тазаланган. Бул тууралуу облустун былтыркы жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган жыйында айтылды.
Жылдан жылга Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар көбөйүүдө. "Соң-Көл" балык чарбасынын карамагында тиешелүү техника жоктугунан, адистердин жетишсиздигинен жана мекеме өзүн өзү каржылоо менен жан багып келаткандыктан броконьерлерге каршы күрөш эч натыйжа бербей келет. (TSh/RK)