Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Пан Ги Мун: Кумсаларды кыстабагыла


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата түрдүү дискриминация жана кыстоо болуп жатканын айтып, муну токтотууга үндөдү. Бүгүн ал Сочиде Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда кумса жана башкалардын камалышына, чектелишине жол бербөө керектигин айтты. БУУнун баш катчысынын бул билдирүүсү эл аралык коомчулук орус бийлигин гомосексуализмди жайылтууга тыюу салган мыйзамы үчүн сынга алып жаткан чакта жасалды. Пан Ги Мун ошондой эле Орусиянын Сочи шаарында эртең башталып жаткан Олимпиада оюндары аяктаганча дүйнөдө согуш, чыр-чатактарды токтото турууга үндөдү. (RK)

XS
SM
MD
LG