Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Pussy Riot Нью-Йорктогу концертке катышты


Орусиялык Pussy Riot панк тобунун ырчылары Надежда Толоконникова менен Мария Алехина Нью-Йоркто Amnesty International эл аралык уюму өткөргөн концертке катышты. Алар орус президенти Владимир Путинге кайрылып, бийликке каршы сүйлөгөнү үчүн камалгандарды бошотууну талап кылды. Аларды көрүүчүлөргө тааныштырып чыккан белгилүү ырчы Мадонна Pussy Riotтун ырчылары сыяктуу эр жүрөк, адам укугу үчүн күрөшкөндөр дүйнөдө көбүрөөк болуусун каалады. Ырчы кыздар 2012-жылы панктарча кийинип алып чиркөөгө кирип, Путинге каршы ыр ырдаганы үчүн камалган болчу. Жакында алар мунапыс боюнча бошонуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG