Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Парламент Кумтөр боюнча токтом кабыл алды


Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтү, "Кыргыз алтын" ишканасы, "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы Кумтөр долбоорун кайра түзүүнүн шарттары боюнча токтом кабыл алынды. Токтом долбооруна 60 депутат "макул" жана 30 депутат "каршы" добуш берди. Токтомго ылайык, өкмөткө "Центерра Голд" менен сүйлөшүүнү дагы улантууга мүмкүнчүлүк берилди.

Парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев "Өкмөт Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткире алган жок. "Аткара албайбыз" деп мурда эле айтышкан. Бирок алар "азыр токтомду кабыл алып берсеңер, үч ай иштеп, орчундуу пункттар боюнча сүйлөшүүнү улантаарын айтышты" - деген депутат Рыспаев эгер үч айдан кийинки чечим да парламентти канааттандырбаса, кенди улутташтыруу маселеси коюларын билдирди. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG