Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

"Фридом Хаус" акындын өлүмү үчүн Тегеранды айыптады


Эл аралык укук коргоочу Freedom House уюму Ирандагы таанымал акын, жарандык активист Хашем Шаабанинин 27-январда дарга асылганы үчүн иран бийликтерин айыптады.

Ислам революциялык соту 32 жаштагы Шаабани баштаган 14 кишиге “кудайга акаарат келтирген” деген негизде айып таккан. Президент Хасан Роухани өкүмдү жактыргандан кийин ал ишке ашырылды.

Freedom House Иранда улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө каршы репрессия уланууда, президент Роухани бийликке келгенден кийин өлкөдө адам укуктары жаатында жагдай өзгөргөн жок деп баалайт.

Түпкү теги араб Шаабани Иранда араб маданияты менен адабиятын даңазалаган Диалог институтун негиздеген.

XS
SM
MD
LG