Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:25

"Центерранын" акциялары 12 центке кымбаттоо менен жабылды


Канаданын улуттук инвестиция жана биржалык сооданы көзөмөлдөөчү мекемеси (Investment Industry Regulatory Organization of Canada – IROC) "Центерра Голддун" баалуу кагаздарын сатууга убактылуу тыюуну алып салды. Бейшемби таңкы саат 8:18де аталган мекеме акцияларды эркин жүгүртүүдөн алдырып салган. Торонто фондулук биржасы кабарлагандай, Онтарио убактысы боюнча бейшемби саат 12:15те Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын акцияларын сатууга кайра уруксат берилди.

Эркин жүгүртүүгө тыюу алынгандан кийин, "Центерранын" акциялары 12 центке кымбаттаган. Аталган компаниянын акциялары бейшемби күнкү сооданы 4 канада доллары 45 цент көрсөткүчүндө жапты. Бейшемби күнкү соодада 1 миллион 250 миңдей баалуу үлүш кагаздары соодаланды.

Акыркы акция көрсөткүчтөрүн эске алганда, аталган компаниянын учурдагы жалпы базардык капитализациясы 28 миллион долларга өсүп, 1 миллиард 80 миллион канада долларына жетти. Бир акциянын кирешелүүлүгү (earnings per share) –25 (минус 25) цент. Жалпысынан 237 миллиондой баалуу үлүш кагаз эркин жүгүртүүдө. (BAz)

XS
SM
MD
LG