Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент токтом кабыл алгандан кийин "Азаттыкка" билдирип, токтомду "чалажан чечим" катары баалады.
- Бул токтом сегизге чукул келишим долбоорлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бул “Центерра Голд” утту дегенди билдирет. Өкмөт үч ай мөөнөттө документтердин топтомун даярдап, 50-50% үлүш менен келишим долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке алып келсин деген тапшырма берилди. Эң маанилүү нерсе - Кыргызстан АМЕС деген чет элдик кеңешчи компаниянын сунуштарын аткарууга милдеттеме алды, ага ылайык кенди иштетүүдөн келип чыккан миллиардаган доллар экологиялык доодон баш тартабыз. Мөңгү, суу, абанын булганышы, жер кыртышынын бузулушу сыяктуу зыяндар боюнча Кыргызстан доо кое албайт.
6-февралда парламент кыргыз өкмөтү, "Кыргыз алтын" ишканасы, "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы Кумтөр долбоорунун келишимдерин кайра түзүүнүн шарттары боюнча токтом кабыл алды. “Ата Мекен”, Республика, "Ар-намыс” фракциялары өкмөт даярдаган келишим долбооруна каршы болгону менен бейшембидеги добуш берүүдө 60 депутат "макул" жана 30 депутат "каршы" чыкты.