Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

6-февралда Сарууда сүйлөшүүлөр болду


Аны Ысык-Көл облустук администрациясынын аппарат башчысы Улан Маликов жүргүздү. Маликовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, саруулуктар өз талаптарын кагаз жүзүндө жазып беришти. Бирок жол жабык бойдон калды. Саруудагы активисттердин бири Абай Узаковдун билдирүүсүнө караганда, алар парламент тарабынан кабыл алынган Кумтөрдү 50% бөлүү чечимине каршы. Ал ошондой эле кармалган балдар бошотулмайын жол ачылбайт дейт:

- Балдар бошомоюнча турганыбыз турган. Тура беребиз. Канча болсо да турабыз. Бир, эки ай... Баарын бошотуп берсин деп атабыз.

Бүгүн Сарууда айыл өкмөт башчысы шайланат. (AiT)

XS
SM
MD
LG