Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Украин президенти конституциялык реформаны колдоорун билдирди


Президент Виктор Янукович АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен жолугушууда конституциялык реформаны оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген. Бирок конституциялык реформа мыйзамдуу жол менен жүрүш керек деп белгилеген Янукович.

Виктория Нуланд бейшемби күнү ошондой эле оппозиция лидерлери Виталий Кличко, Арсений Яценюк жана Олег Тягнибок менен жолугушкан. Бул күнү нааразылык акциясына чыккан миңдеген адамдар конституциялык реформаны талап кылышты. Парламент азырынча бул иш-чарага кирише албай турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG