Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Кумтөр боюнча келишимди парламент колдоп берди


6-февралда Жогорку Кеңеш 59 добуш менен Кумтөр боюнча токтом кабыл алды. Анда Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүү аткарылбаганы белгиленген. Бирок “Центерра” менен үлүштү 50%дан бөлгөн биргелешкен ишкана түзүү, ага оператордук функцияны 3 жылга берүүгө макулдук берилди. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдирүүсүнө караганда, өкмөт парламенттин чечимине таянып, “Центерра” менен дагы кеминде сегиз келишим түзөт. Келишимге толук каршы добуш берген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, келишимдеги негизги кемчиликтердин бири Кыргызстандын экологиялык доодон баш тартышы жана мурунку жеңилдетилген салык режиминин сакталып калышы болууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG