Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Кыргыз балетинин жаштары Лондондо бийлейт


Кыргыз балетинин жаштары Лондондо бийлейт. Азыр татыктууларды тандоо жүрүп жатат. Швециялык "Les Ballets Persans" фондунун өкүлү Нима Киянн менен бул долбоордун Орто Азия боюнча куратору жана башкы балетмейстери Эмил Акматов тандаган жаштар Британияга барат.

"Кыргыз балетин колдоо жана кыргыз маданиятын Европага таанытуу максатында уюштурулуп жаткан бул долбоорго кубанычтамын" деди Нима Киянн. Ал эми Эмил Акматов кыргыз балетин Лондон телевидениеси да көрсөтөөрүн айтты.

Буга чейин швециялык фонд азери жана тажик балеттерин чет өлкөлөргө алып чыккан. Каражат жагын чакырган тарап көтөрүүдө. Кыргыз балетинин Лондондогу программасы 9-марттан 15-мартка чейин уланат. (ATe)

XS
SM
MD
LG