Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Саруулуктарга нааразылар чогулууда


Саруу айылы аркылуу өткөн негизги трассанын канча күндөн бери жабылып турушуна нааразы болгон коңшу айылдардын тургундары чогулууда. Жети-Өгүздүн акими Дамир Моңолдоровдун "Азаттыкка" айтымында, учурда Саруунун четинде 250дөй киши чогулуп, жолдун ачылышын талап кылып жатат. Бирок азырынча жол ачыла элек.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, "Саруу тараптан ичип алган атчан балдар чыгып, провокация кылчудай болуп жатат".

Саруу айылынын айрым тургундары Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылып уюштурган митингдери былтыр өкмөт өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу, электрди өчүрүп салуу, унаа өрттөө менен коштолгон. Бул үчүн алардын айрымдары азыр соттолууда. Бирок жол буугандар камоо мыйзамсыз болгонун айтып, алты соттолуучуну бошотууну талап кылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG