Сарууда жолду бууп тургандар толгоосу жетип, төрөтү башталып келаткан келинди да өткөрбөй коюшкан. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Ибарат Атагелдиева билдирди:
- Саруудан жөө өтүп, абдан нааразы болуп ыйлап келди ал келин. Азыр да ыйлап жатат. Баарынан ошол жерде жолду тосуп турган адамдарга нааразы болууда. Буттары шишип, кан басымы 190 болуп кетиптир.
Тосор айылынан барган ал келин доктурлардын жардамы менен кечээ аман-эсен төрөдү. Бирок учурда өзү да, ымыркай кызы да реанимацияда жатат. (RK)