Жогорку Кеңеште депутат айымдардын форуму алкагында жолугушуу болду. Кечээ өткөн жыйынга беш фракциядан 18 депутат айым катышты. Иш-чаралардын планы, парламенттеги айымдардын жергиликтүү кеңештер менен иштөөсүн активдештирүү маселеси талкууланды.
Депутат айымдардын форуму 2011-жылдын апрелинде Улуттук демократия институтунун (АКШ) көмөгү менен түзүлүп, платформа катары иш алып барууда. Анда парламентчилер өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүн талкуулашат.
Жогорку Кеңеште 27 депутат айым бар.(RK)