Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Мушарраф чыккынчылык боюнча айыпталышы ыктымал


Пакистан соту бүгүн 7-февралда мурдагы президент Первез Мушаррафка айып тагат. Мушарраф 2007-жылы ноябрда өлкөдө чукул кырдаал абалын жарыялап, Конституцияны бузган деп шектелүүдө. Буга таянып, сот аны мамлекетке чыккынчылык кылган деп күнөөлөшү ыктымал деп боолгонууда. Пакистандын мурдагы аскерий башкаруучусу эч кандай күнөө жасабадым деп, айыптоолор саясий мүнөзгө ээ экенин айткан.

Мушаррафтын соту Пакистан армиясы менен жарандык өкмөттүн арасындагы араздашууну күчөттү. Экс-президенттин сотко келери беймаалым. Себеби, 70тин кырындагы Мушарраф буга чейин ден соолугуна шылтап, сотко келбей койгон. Ал бир ай мурда сотко баратып, жүрөгү ооруп, жолдон артка кайткан. Адвокаттар экс-президентти тыш мамлекетке дарыланууга коё берүүнү суранышууда.

Первез Мушарраф Пакистанды 1997-2008-жылдары башкарган.

XS
SM
MD
LG