Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Нуланд ЕБдан кечирим сурады


Украина президенти Виктор Янукович бүгүн Сочиде президент Владимир Путин менен кездешет. Жолугушуу Кышкы Олимпиада оюндарынан тыш убакта өтөт. Эки лидер акыркы ирет 8-январда жолугуп, Украинадагы кризис тууралуу сүйлөшкөн. Янукович кечээ АКШ Мамкатчысынын атайын чабарманы Виктория Нуландды Киевде кабыл алганда Конституцияны реформалоону колдоорун, бирок ага түзөтүү мыйзамдык негизде киргизилиши керек деди. Конституцияны реформалоо жана президенттин бийлик укугун чектөө эки айдан бери Киевде нааразылык акциясын өткөрүп жаткан европачыл демонстранттардын негизги талаптарынын бири.

Виктория Нуланд интернетке чыгып кеткен аудио үчүн Евробиримдиктен расмий түрдө кечирим сурады. Аудиодо Украинадагы кризисти жөндөөдөгү Евробиримдиктин аракетине ичи толбогонун айтып жатып, одоно сөздү колдонгон.
Президент Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев, береги жашыруун жазып алынган аудиго ишара кылып, Вашингтонду “Украинанын ички иштерине орой киришет” деп сындады.

XS
SM
MD
LG