Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Саруунун жолу ачылмай болууда


Саруу айылында бир нече күндөн бери буулуп турган негизги унаа жол ачылмай болууда. Кабарчыбыздын айтымында, мындай чечим жолду бууп тургандар менен коңшу айылдардын тургундарынын жолугушуусунда кабыл алынды. Бирок нааразы тарап аларга облустук теледен бүгүн кечинде сөз берилгенден кийин гана жол ачылаарын айтып, шарт коюуда.

Учурда кум, таш төгүлүп тосулган жерлерди тазалап, жолду ачуу үчүн грейдер алынып келинди.

Кумтөр алтын кенин улутташтырууну талап кылып митингге чыкканда мыйзам бузган деген шек менен кармалгандарды бошотууну талап кылып Саруу айылынын айрым тургундары Каракол - Балыкчы жолун жаап салган. Бүгүн үч тараптан коңшу айылдардын тургундары чогулуп, жолду ачууну талап кылган болчу. Дарыгерлер жол тоскондор төрөгөнү бараткан келиндерди да өткөрбөй, алар кыйналып калганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG