Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Меркел Нуланддын сөзүн төгүндөдү


Канцлер Ангела Меркел АКШдагы расмий адамдардын Украинадагы кризистеги Европа Биримдигинин ролу жөнүндөгү комментарийлерине “эч келишип болбойт” деп эсептейт. Бул жөнүндө Германия канцлеринин өкүлү Кристина Вирц билдирди.

Ангела Меркел Украинадагы кризисти жөндөөдө Евробиримдиктин тышкы комиссары Кэтрин Эштон “мыкты ишеп жатат” деп ишенгенин кошумчалады. Германия жана АКШ украин оппозициясынын негизги эл аралык колдоочулары.

Буга чейин АКШ Мамкатчысынын атайын чабарманы Виктория Нуланд интернетке чыгып кеткен аудио үчүн Евробиримдиктен расмий түрдө кечирим сураган. Аудиодо Нуланд айым Киевдеги АКШнын элчиси Жеффри Пайетт менен Украинадагы кризисти жөндөөдөгү Евробиримдиктин аракетине ичи толбогонун айтып, одоно сөздү колдонгон. Бирок Нуланд бүгүн Киевде ал боюнча түшүндүрмө бергенден баш тартты.

XS
SM
MD
LG