Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Today's Zaman гезитинин кабарчысы Түркиядан айдалды


Түркиялык гезиттин кабарчысы премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды Твиттерде сындаганы үчүн өлкөдөн айдалды. Англис тилдүү Today's Zaman гезитинин он-лайн редектору, 27 жаштагы Мехир Зейналовду 7-февралда полиция Стамбул аэропортуна алып барып, Азербайжанга кетчү учакка салып жибергенин кабарлады.

Гезиттин билдиришинче, Зейналов декабрда премьер-министр Эрдоган “ал-Каидачы” деп шектелип кармалган адамдар жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбас үчүн сот жараянына кийлигишкен деп эки ирет Твиттерде жазган.

Today's Zaman гезитинин башкы редактору Бүлент Кенеш журналистти айдап чыгууну “зулумдук” жана “Түркияда иштеген бардык чет элдик журналисттерди коркутуу аракети” деп сыпаттады. Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюму Зейналовдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча "Түркиянын маалымат эркиндиги айдыңындагы осол абалды дагы начарлат” деп 7-февралда билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG