Америкалык мартабалуу дипломат Украинадагы антиөкмөттүк нааразылар АКШнын Киевдеги элчилигинде даярдыктан өтүүдө деген Орусиянын маалыматын калпка чыгарды.
АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Виктория Нуланд эгер Украинанын жетекчилиги демократиялык реформаны тездетип, “улуттук техникалык өкмөттү түзсө”, Вашингтон жана эл аралык коомчулук өлкөгө жардамды дагы көбөйтүүгө даяр экенин 7-февралда билдирди.
6-февралда интернетке чыгып кеткен аудиотасмада Нуланд айым Киевдеги АКШ элчиси Жеффри Пайетт менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө, Украинадагы кризисти жөндөөдөгү Евробиримдиктин аракетине ичи толбогонун айтып жатып, одоно сөздү колдонгон. Мамдепартамент Виктория Нуланд ал сөзү үчүн Евробиримдиктен расмий түрдө кечирим сураганын билдирди.
АКШнын маанилүү союздашы жана Евробиримдиктин ири мамлекети Германиянын канцлери Ангела Меркел Нуланддын комментарийин “такыр ынангыс сөз” деп
сындады.