Кечээ жума күнү Украинанын Харьков шаарынан Стамбулга учуп бараткан учактагы жүргүнчүлөрдүн бири бомба жардырам деп коркутуп, Сочиге кондурганга аракет кылды. Учак Стамбулдун Сабихза Гөкчен аэропортуна аман-эсен кондурулду деп билдирди Түркиянын транспорт министринин орун басары Хабиб Солук 7-январда жеке менчик NTV телеканалына. Маалыматта учак Pegasus аба жолдор компаниясыныкы экени айтылат.