Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Сочиде Кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө ачылды


7-февралда Орусия президенти Владимир Путин спорттук майрамды ачып жатканда, Олимпиаданын символу болгон беш электрошакектин бири техникалык себептен улам күйгөн жок.

40 миң адам сыйган Фишт стадионундагы каадага Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун, Кытай президенти Си Цзинпин, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана башка ондогон мамлекеттердин лидерлери, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаев катышты.

Салтанатта Кыргызстандын туусун лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп өттү. Сочини Олимпиадага даярдоого 50 миллиард доллар сарпталды. Декабрда Волгоградда болгон удаа-удаа террордук чабуулда 34 адам өлгөндөн улам Сочидеги коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда.

XS
SM
MD
LG