Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Босния-Герцеговинада антиөкмөттүк тополоң уланууда

7-февралда Босния-Герцеговинада бийликке нааразы адамдар ордолуу Сараеводо жана түндүктөгү Тузла шаарында өкмөттүк имараттарга өрт коюшту.

Алар бийликтегилерге “Уурулар” деп кыйкырып жатышты. Жумушсуздукка жана бийликтеги коррупцияга нааразы адамдардын антиөкмөттүк тополоңу 5-февралда башталган. Жума күнү полиция Сараеводогу демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонду.

Бихач жана Зеница шаарларында да полиция менен кагылышуулар болгону маалымдалды. 6-февралда Тузладагы полиция менен эрегиште 130дан ашык адам жарадар болгон. Босниядагы жарандык согуштун бүткөнүнө 20 жылга чукулдап калса да өлкө социалдык-экономикалык кыйынчылыктардын сазынан чыга элек.
​
XS
SM
MD
LG