Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Көк-Таш-Ак-Сай жолунда жардыруу иштери башталат


Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун курулушу аска-тоолорго жеткендиктен жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын адистер жана техникалар аймакка жеткирилди. Жардыруу иштери жүргүзүлөөрү тууралуу Тажикстанга да расмий билдирүү жөнөтүлгөн.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулуусу өткөн жылдын 17-декабрында Тажикстан менен чек арада жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары айланма жол куруп берүү талабы менен жол тосушкандан кийин башталган. Жол тосууга айыл тургунунун тажик чек арасына жакын жайгашкан чайканасы өрттөнгөнү себеп болгон.

Тажик тарап бул жолдун курулуусуна каршы. Мунун айынан 11-январында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда ок атышуу болуп 9 киши жараат алган. (SA/JsA)

XS
SM
MD
LG