Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Саруулуктар жолду ачышты


Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Каракол - Бөкөнбаев - Балыкчы унаа жолун ачышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Саруулуктардын жолду бууганы коңшу айылдардын нааразылыгын жараткан. Алар бул боюнча саруулуктар менен жума күнү жолуккан. Жолдун ачылышына нааразы тарапка облустук теледен сөз берилгени да түрткү болгон.

Саруу айылдык кеңешинин депутаты Замирбек Меңдибаев “Азаттыкка” жол жума күнү кечки саат 8де ачылганын, бирок каршылык акциясына чыгып жаткандар талаптары аткарылмайынча жол боюнда тигилген боз үйлөрдө тура берээрин билдирди.

Саруу айылынын тургундары өткөн жекшембиде Балыкчы-Каракол жолун буушкан. Алар камакка алынган Айбек Сарыбаевди жана "Кумтөр" ишканасынан пара талап кылган деген айып менен соттолуп жаткан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотуу талабын коюшкан эле. (SA)

XS
SM
MD
LG