Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен курулган муниципалдык унаа базарынын жери талашка түштү.
Базар жайгашкан 4 гектар жерди Майсалбек Мырзаев аттуу жаран 49 жылга ижарага алып, айыл чарба багытында иштетип келгенин айтууда. Майсалбек Мырзаев Ош шаардык мэриясын анын жерди мыйзамсыз тартып алган деп күнөөлөп жатат.
Ош шаардык муниципалдык башкармалыгы болсо жеке жарандарга ижарага берилген жерди шаар бийлиги керектүү учурда алып койгонго акысы бар экенин, Майсалбек Мырзаевге убагында 386 миң сом компенсация төлөнгөнүн билдирүүдө.
Ош шаарындагы жаңы автоунаа базары 2012-жылы ишке кирген. (YI)