Түркиянын бийликтери билдиргендей, Стамбулга бараткан жүргүнчү учагын Сочиге бурууну талап кылган украиналык барымтачыны түркиялык учкуч алдап койгон.
Оюндар салтанаттуу ачылып жаткан кечээ күнү Харьковдон Стамбулга бараткан түркиялык "Пегасус" аба жолдорунун учагын украиналык жаран Сочиге конууга мажбурлаганы кабарланган эле. Ал учактагыларды бомба жардырам деп коркуткан.
Стамбулдун мэри Хусеин Авни Мутлу 45 жаштагы Артем Козловду "Сочиге келдик" деп ишендирген учкуч болгондугун айтып чыкты. Ичип, мас болуп алган Козлов Стамбул аба бекетинде 109 жүргүнчүнү бошотууга макул болгондон кийин кармалды. Издөө учурунда бомба табылган жок.