Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Туман Ош аэропортунун жадыбалын өзгөрттү


Ош эл аралык аба майданы.
Ош эл аралык аба майданы.
Калың тумандын айынан Ош эл аралык аба майданында учактар кечигүү менен учуп-конууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымдоо кызматы кабарлады. "Метеорологиялык шарттардын айынан Ошто учактардын жадыбалы өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жергиликтүү убакыт боюнча, саат 19:30дан тарта аба ырайы жакшырып, кечиктирилген каттамдар абага көтөрүлө баштайт", – деди аэропорттун маалымдоо кызматы. Маалыматка ылайык, жакынкы мүнөттөрдө Оштон Бишкекке эки учак учат.

Таң эртеден бери турган тумандын айынын төрт каттам кечиктирилген. Айрым рейстер алты саатка чейинки кечигүү менен учуп чыгууда. Таңга маал "S7 Эйрлайнстын" Москва – Ош каттамын аткарган учак Бишкекке конууга мажбур болгон. Аба ырайы оңолуп баштары менен орусиялык учак Ошко жөнөп кетти.

Өткөн жумада дагы катаал метеорологиялык шарттар Баткен, Жалал-Абад жана Ош аэропортторунун жадыбалдарын олуттуу өзгөрткөн. Учурда Ош аба майданындагы аба ырайы –6 градус. (BAz)

XS
SM
MD
LG