Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Азимжан Аскаровду коргоо боюнча олимпиадалык өнөктүк башталды


Фронт Лайн Дефендерс укук коргоо уюму Кыргызстанда Ош окуяларына байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин кесилген Азимжан Аскаров менен катар дагы 11 укук коргоочуну коргоо өнөктүгүн баштады.

«Укуктар. Коркунучтар. Өзгөрүштөр!» деп аталган өнөктүктүн максаты - коркунучка кабылган укук коргоочуларга Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндары мезгилинде коомчулуктун көңүлүн бурдуруу болуп саналат. Ирландиялык Фронт Лайн Дефендерс укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө, командалык колдоонун жетишсиздигинен Олимпиада оюндарына катыша албаган спортсмендердей эле, укук коргоочулар да колдоого муктаж экендиги айтылат.

Фронт Лайн Дефендерс уюму атаган 12 укук коргоочунун арасында орусиялык эколог Евгений Витишко, Беларуста Алес Беляцкий, Азербайжанда Анара Мамедли, Тажикстанда Дилрабо Самадова, Өзбекстанда Дилмурод Саид, Казакстандан Роза Тулетаева бар.

XS
SM
MD
LG