Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Сочиде кыргыз-орус президенттери жолукту


Президент Алмазбек Атамбаев ишемби күнү кечинде Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда эки өлкө президенттери Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда буга чейин кабыл алынган келишимдерин ишке ашыруу, кызматташуунун келечегин талкуулады. Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна даярдыктар тууралуу сөз болду. Ага ылайык, бул жаатта жакынкы күндөрү эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлеринин жетекчилиги алдында Евразиялык интеграциялык жараяндарга Кыргызстандын кошулуусу боюнча ишти баштоого макулдашты. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинде тобокелчиликтерди жоюу үчүн атайын чаралар иштелип чыкмакчы.

Алмазбек Атамбаев Сочиге Владимир Путиндин чакыруусу менен XXII кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн барган.(BkA)

XS
SM
MD
LG