Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Сойкукана ачты делгендер үй камакка чыгарылды


Бишкектин Свердлов райондук соту борбордо сойкуканада ачты деп шектелген үч Кытай жаранын үй камагына бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сейитов кабарлады. Анын айтымында, мындай чечимди сот 7-февралдын кечинде кабыл алган. Сейитов аталган жарандар өлкө аймагынан чыгып кетпеши үчүн милиция көзөмөлгө ала турганын кошумчалады.

Ушул аптада Бишкек шаардык милициясы борбордо жашыруун сойкукана ачкан үч кытай жараны кармалганын кабарлаган. Ага ылайык, "Караоке бар” деп жымсалдап аталган, жашыруун иштеген бул жайда 30га жакын жеңил ойлуу кыз иштей турганын жана анын негизги кардарлары чет өлкөлүк жарандар экени белгилүү болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, аталган үч жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган болчу.(BkA\KJ)

XS
SM
MD
LG