Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Баткен: Сохту айланып өтчү жол кеңейтилет


Баткендеги Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтчү Бөжөй - Сөгөт - Бел жолу кеңейтилээрин “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолду кеңейтүү боюнча каражат быйылкы жылдын бюджетинде каралган. Аталган жол былтыр август айында пайдаланууга берилген. Жол Сох анклавын айланып өтүп, облустагы Бөжөй айылын Кыргызстандын башка аймактары менен туташтырат.

Былтыр жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча машинени талкалаган. Бул чырдын учурунда Сох анклавы аркылуу өтчү жол жабылып, Бөжөй айылынын тургундары башка аймактар менен байланыша албай калган. Мындан соң кыргыз өкмөтү Бөжөй - Сөгөт - Бел жолун курууну баштаган. (JsA\BkA)

XS
SM
MD
LG